Жаңылыктар
Баткенде 1 миллион сомдон ашык контрабандалык жез сынык калдыктарын алып өтүүгө бөгөт коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде 1 миллион сомдон ашык контрабандалык жез сынык калдыктарын алып өтүүгө бөгөт коюлду

«Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Баткен облусунда КР жараны «К.У.Ж.» башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү автотранспорт каражаты текшерүүгө алынган.Бажылык текшерип кароодо автотранспорттун жүк бөлүгүнөн бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок, 798 кап өлчөмүндөгү жез сынык калдыктары табылган.

Кармалган товардын жалпы салмагы 1967 кг болгон. КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 1 180 260 сомду түзгөн.Факт боюнча чогултулган материалдар териштирүү иштеринин алкагында Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.