Жаңылыктар
Бажы кызматы тарабынан 2 ай ичинде бажы тармагындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын 775 фактысы аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы кызматы тарабынан 2 ай ичинде бажы тармагындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын 775 фактысы аныкталды

2023-жылдын январь, февраль айларында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы тармагында укук бузуулардын жана кылмыштардын 775 фактысы аныкталган.

Алардын ичинен:

Укук бузуулар боюнча 736 иш козголуп, аны кароонун натыйжасында 5,1 млн сом өлчөмүндө айыптар өндүрүлүп, 14,5 млн сом өлчөмүндө КЖК жана алдын алуу иш-чараларынын алкагында бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

Кылмыш-жазык фактылары боюнча 39 материал өткөрүлүп, алар боюнча 36,6 млн сом зыяндын орду толтурулган.

Бюджетке кошумча кирешелердин жалпы көлөмү 46 млн сомго көбөйгөн. Эгерде 2022-жылдын 2 айында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 9,6 миллион сомду түзсө, үстүбүздөгү жылдын январь жана февраль айларында бул көрсөткүч 56,3 миллион сомду түзгөн.