Жаңылыктар
Чек араны өзбек чек арачылары кесип өткөн жок
Кыргызстан жаңылыктары
Чек араны өзбек чек арачылары кесип өткөн жок

Кыргыз-өзбек чек арасын Өзбекстандын чек арачылары кесип өттү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 12-мартта Баткен облусунун Сай айылынын Жалпак-Таш жергесинде жергиликтүү тургун өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин айтып, аны видеого тарткан. 

“Чек арадачыр-чатакты алдын алуу максатында Айдаркен багытындагы чек ара өкүлдөрүӨзбекстандын Сох багытындагы чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагынакирбегени жана чек ара линиясына жакын аймакта кароо жүргүзүп жатканыаныкталган. Ошондой эле чек арачылар жергиликтүү тургун менен жолукканда өзүнүныйгарым укукарынан чыккан эмес”, - деп айтылат маалыматта. 

Тараптар чек арагажакын аймактардагы тургундар арасында түшүнбөстүк жаралбашы үчүн мындан ары чек арачылардын кыймылы тууралуу маалымдап туруу боюнча макулдашууга жетишти.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда кадастрдык кызматтардын жетекчилеринин деңгээлинде дагы бир жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, калк арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Ал эми Сай айылынын Жалпак-Таш жергесинин видеого тарткан тургунуна окуя боюнча түшүндүрмө берилген