Жаңылыктар
Садыр Жапаров ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн Түркияга учуп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн Түркияга учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Анкара шаарына (Түркия Республикасы) Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышуучу-өлкө башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн иш сапары менен учуп кетти.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам”.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысынын Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

-Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев;

-Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

-Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдырахманов.