Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин 3-күнү жыйынтыкталды. Турнир Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында болуп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Бүгүн жалпы 7 оюн болуп, жогорку жана экинчи лиганын командалыр күч сынашты. Ошондой эле, 40 жашка чейинкилер арасында дагы беттештер болуп өттү.
Үчүнчү күндүн жыйынтыгы:
II лига
“Кетмен-Төбө” 5:0 “Ак-Кула”
“Талас шаары” 6:0 “Тянь-Шань”
“Сокулук” 2:4 “Ак-Илбирс”
Жогорку Лига
“Достук” 11:3 “Мурас”
40 жашка чейинкилер арасында
“Сары-Өзөн” 9:1 “Ош шаары”
“Талас” 3:2 “Жети-Дубан”