Жаңылыктар
«Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташты
Кыргызстан жаңылыктары
«Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташты

«Оперативдүү» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө «Түштүк–Батыш» бажысынын «Мегалогистик» БТЖсында, товарларды жалган декларациялоо фактысын аныктады.

Түркия Республикасынан «Ч.Т.» ЖЧК алуучунун дарегине товар коштоочу документтерине ылайык, ассортиментте пластмассадан жасалган үй буюмдары товарлар импорттолгон.

Жүктүн жалпы салмагы 8585 кг түзгөн. Бирок текшерүү учурунда декларацияланбаган пластмассадан жасалган эмерек сандыктары товарлар табылган.

Кырдаалдар такталып, маселе маңызы боюнча чечилгенге чейин унаа товары менен «А.Т.» убактылуу сактоочу кампасынын аймагына коюлган.

Факты КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.