"Арзан турак-жай” программасы аркылуу үй алуудан баш тарткандардын көбөйүп жатышы эл өкүлдөрүн тынчсыздандырууда. Депутаттардын баамында тиешелүү мекеме жетиштүү иш алып барбай жатат. Алар айлык акысы аз кызматтарда иштегендер ипотекалык насыя алуудан четтетилип жатканына өзгөчө көңүл бурду. Ал эми мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү, жарандар толук маалымат албагандан улам ушундай кырдаалга туш болуп жатканын айтышууда.
Жогорку кенештин кезектеги жыйынында депутат Наталья Никитенко Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүнө нааразы экенин билдирди. Анын айтымында айлык маянасы аз мамлекеттик кызматкерлердин үй алышына шартталган насыялар, компания тарабынан берилбей жатат.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорунун орун басары Нуржигиттин Усенакун уулу 6000ге жакын жаран насыя алуу үчүн арыз тапшырганын айтат. Алардын айрымдары аркандай себептер менен “Арзан турак-жай” программасына катышпай калган. Минге жакын жаран бул программанын шарттарыменен толук таанышпай калгандыктан өз арыздары менен баш тартышкан.
Мамлекеттик ипотекалык компания кардарлардын турак жайга ээ болушу үчүн насыя алуунун бардык жеңил шарттарын түзүүнүн үстүндө иштер жүргөнүн билдирүүдө. Жарым жыл ичинде өлкө боюнча 371 жаран ипотекалык насыя алып турак жай менен камсыз болду. Анын төлөмдөрү штаттык режимде ишке ашууда. Жеткиликтүү турак –жай” программасы менен үй алууну каалаган жарандар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү документтерин топтоп кайрылуусу зарыл. Алар так болушу шарт. Акыркы учурдадокумент тапшыргандардын арасынан үйлөрү бар жарандар аныкталууда, дейт Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев.
Жеткиликтүү турак-жай программасы менен үй алышүчүн мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес иштөө зарыл. Мекеме жеке турак-жайкурууну же сатып алууну көздөп жаткан жарандардын бир айлык киреше булагын эске алуу менен 15 жылдык мөөнөткө насыя алып бере алат. Бул долбоорду толук кандуу ишке ашыруу үчүн мамлекет 3 миллиард сом каражат бөлгөн.
Мамлекеттик ипотекалык компания батирлерди алып берүүдөн сырткары жер тилкеси бар жарандарга турак-жай курууга да көмөктөшөт. Анын аянты150 чарчы метрден ашпоого тийш жана 18 айдан кем эмес мөөнөтө үй салынып бүтүшүкерек.
Бегайым Абдыкадырова “Биринчи радио”
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118