Жаңылыктар
Кредиттик төлөмдөр сомго которулат
Экономика
Кредиттик төлөмдөр сомго которулат

1-февралдан тартып өкмөт доллар менен алынган ипотекалык кредитти сомго которууну пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Назира Ахмедова билдирди. Маалыматка ылайык, кредиттик төлөмдөрдү сомго которуу боюнча өкмөт бир нече жыйын өткөрүп, түрдүү жол-жоболор талкууланган. Токтомду премьер-министр Темир Сариев кабыл алып, кол койсо, программа иштей баштайт.

Алгач, кредиттик төлөмдөрдү доллардан сомго кантип которуу боюнча түшүндүрмөлөр берилет.  Ал эми доллардан сомго алмаштыруудан келип чыккан сумма бюджеттен каралат. Ал канча акча каражатын түзөрү кийинчирек белгилүү болот. Улуттук банк төлөмдөрдү сомго которуу боюнча эсептерди жүргүзүлгөн. Бирок, токтом кабыл алынмайынча толук маалымат бере албайт. Которула турган кредиттердин жалпы суммасы миллиард сомдон ашат деп болжолдонууда.

Эске сала кетсек, кредиттик төлөмдөрдү  доллардан сомго алмаштыруу, доллардын баасынын өзгөрүшүнөн улам келип чыккан. Акыркы 12 айда доллар куну 30,6 пайызга жогорулаган.