Жаңылыктар
“Инфоком” дүйнөнүн каалаган жеринен мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн онлайн төлөө сайтын ишке киргизди
Кыргызстан жаңылыктары
“Инфоком” дүйнөнүн каалаган жеринен мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн онлайн төлөө сайтын ишке киргизди

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы интернет-эквайринг технологиясынын жардамы менен дүйнөнүн каалаган жеринен кызмат көрсөтүү үчүн онлайн режиминде төлөөгө мүмкүн болгондой сайтты иштеп чыкты жана ишке киргизди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандары Кыргыз Республикасынын жаранынын ID-картын жана жалпы жарандык паспортту (ЖЖП) даярдоо кызматы үчүн башка өлкөлөрдүн банктык карталары менен төлөй алат, сервисте төлөө жүргүзүлгөн күнгө карата КРУБнын курсу боюнча валютаны сомго автоматтык түрдө алмаштыруу каралган.

Интернет-эквайринг – КР ТИМ чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде паспорт кызмат көрсөтүүсү үчүн Интернет аркылуу "Элкарт", Visa, MasterCard банктык карталары менен төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берген технология.

Төлөм үчүн арыз ээси кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн кодун жана банктык картанын реквизиттерин https://payment.infocom.kg/ сайтына киргизишет.

Жакынкы арада онлайн төлөм ЖААК, транспорт жана айдоочулук курам, “Мекен карт” багытындагы кызмат көрсөтүүлөр үчүн дагы жеткиликтүү болот.

Белгилей кетчү нерсе, сайттан төлөөдө VISA жана Master Card төлөм карттарынын ээлери үчүн комиссия кызмат көрсөтүүнүн наркынын 2,5%ын түзөт.