Жаңылыктар
Түркиянын эки провинциясын сел каптады
Дүйнө
Түркиянын эки провинциясын сел каптады

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Шанлыурфа жана Адыяман провинциялары селден жабыркады. 

Шейшемби жана шаршемби күндөрү аталган аймактарда нөшөрлүү жаан-чачын болуп, натыйжада тоодогу дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып кеткен. Баткак менен таш аралаш суу турак үйлөрдү кыйратып, жол кырсыктарын пайда кылды.

Шанлыурфа облусунун губернатору Салих Айхан, Твиттердеги расмий баракчасында, селдин кесепетинен аймактын 12 тургуну каза болуп, дайынсыз жоголгондор бар деп билдирди. Ал ошондой эле суу ташкыны оорукананы, турак үйлөрдү, коомдук мекемелерди жабыркатып, унааларды агызып кеткен деп кошумчалады. Жабыркаган аймактарда адамдарды эвакуациялоо иштери жүрүп жатат.

Түркиянын Ички иштер министри Сулейман Сойлунун айтымында, узакка созулган жамгыр суу ташкынынын пайда кылганын белгиледи. Ал кошумчалагандай, учурда издөө жана куткаруу иштерине 163 адамдан турган он отряд, анын ичинде суучулдар тартылган. Синоптиктердин айтымында, Шанлыурфа жана Адыяман провинцияларында нөшөрлөп жааган жамгыр жума күнгө чейин созулат.