Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинде Япониянын атайын өкүлү Масаки Икэгами кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинде Япониянын атайын өкүлү Масаки Икэгами кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Масаки Икэгамини кабыл алды.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулап, маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн оң динамикасын белгилешти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов япон тарапка өлкөбүздө ар кандай экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэки жана Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эркин Осоев катышты.