Жаңылыктар
Душанбеде топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Душанбеде топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

Тараптар буга чейин жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 10-мартынан 16-мартына чейин Душанбе шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.  Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү деминде өттү.  

Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлөт.