Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук районундагы рейддик салык контролунун жүрүшүндө күмөндүү акциздик маркалары менен жана тиешелүү документтери жок алкоголдук продукцияны ташыган автомашинаны аныкташты.
Бардыгы болуп "Organic" маркасында 12 миң 156 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.
Товарлары менен автомашина мөөр басылып, айып салынуучу жайга киргизилди. Бузуулардын материалдары укук коргоо органына өткөрүлүп берилди.