Жаңылыктар
Ноорузга арналган көк бөрү боюнча турнирдин 4-күнү аяктады
Спорт
Ноорузга арналган көк бөрү боюнча турнирдин 4-күнү аяктады

Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин 4-күнү жыйынтыкталды. Турнир Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында болуп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Бүгүн жалпы 6 оюн болуп, жогорку жана биринчи лиганын командалары күч сынашты. Ошондой эле, 40 жашка чейинкилер арасында дагы беттештер болуп өттү.

Жогорку лига

“Алтын-Альянс” 4:0 “Ак-Шумкар”

Биринчи лига

“Жети-Аке” 3:7 “Өзгөн”

“Намыс” 7:0 “Ачы”

“Ийгилик” 11:4 “Саякбай-Ата”

“Бакай-Ата” 2:1 “Дөөлөт-Улар”

40 жашка чейинкилер арасында (жарым финал)

“Сары-Өзөн” 4:1 “Ош шаары”