Жаңылыктар
«Радуга+» пансионатындагы мыйзамсыз курулуштар бузулду
Кыргызстан жаңылыктары
«Радуга+» пансионатындагы мыйзамсыз курулуштар бузулду

«Радуга+» пансионатындагы мыйзамсыз курулуштар бузулду Ысык-Көл облусу боюнча мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан «Радуга+» пансионатынын аймагында, атап айтканда пирстин аймагында инспекторлор тарабынан пландан тышкаркы текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар» жөнүндө кодексинин 144-беренесинин 3-пунктун бузуу менен сауналардын (ысык кургак абасы бар мончо) мыйзамсыз куруусу аныкталган.

Ушуга байланыштуу мыйзамдарга ылайык административдик айып салынды жана пансионаттын ээсинин эсебинен имаратты демонтаждоо жөнүндө акт түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Мамкурулуш агенттиги архитектура жана шаар куруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоону өтүнөт. Кыргыз Республикасынын Мамкурулуш агенттиги мыйзамсыз курулуш фактыларына бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда.