Жаңылыктар
Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышты
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынына катышты

2023-жылдын 16-мартында Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин (ТМУ) кезексиз жыйынына катышты.

Мамлекет башчыларынын кезексиз Саммитинин алдында өткөн ТМУнун мүчө-мамлекеттеринин тышкы иштер ведомстволорунун башчыларынын жыйынында Уюмдун ишмердүүлүгүнүн келечектүү багыттары жана түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. 

Министрлер Түркия Республикасындагы кыйратуучу жер титирөөлөрдүн кесепеттерин тез арада жоюу жана табигый кырсыктарга каршы туруу максатында мүчө мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту, анын ичинде ТМУнун аймагында өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгуу.

Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө жер титирөөлөрдүн натыйжасында курман болгондорго жана кыйроолоруна байланыштуу түрк элине жана Түркия Республикасынын Өкмөтүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, институционалдык да, уюштуруучулук жактан да кырсык коркунучун башкаруу аспектилери бекемдөө боюнча иш-чаралардын комплексин кабыл алууну жактады. 

Жолугушуунун жыйынтыгында министрлер Мамлекет башчыларынын кароосуна сунушталган документтер боюнча макулдашышты, ошондой эле ТМУ ишмердүүлүгүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан демилгелердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.