Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин 5-күнү жыйынтыкталды. Турнир Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында болуп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Бүгүн жалпы 6 оюн болуп, жогорку жана биринчи лиганын командалары күч сынашты. Ошондой эле, 40 жашка чейинкилер арасында дагы беттештер болуп өттү.
Жогорку лига
“Ынтымак” 8:4 “Мурас”
I лига
“Намыс” 6:1 “Ысык-Ата”
“Жети-Аке” 0:5 “Жаштык”
II лига
“Кетмен Төбө” 4:1 “Ак-Суу”
“Талас шаары” 2:3 “Кара-Балта”
“Сокулук” 4:8 “Көк-Жал”