Жаңылыктар
Аксы окуясына 21 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Аксы окуясына 21 жыл

17-март - эгемендүү Кыргызстандын тарыхында адилетсиздикке жана авторитардык башкарууга элдин каршы чыккан алгачкы кадамы катары белгиленет. Ошол кездеги бийликтин мыйзамсыз аракеттери, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши эл ичинде нааразылыкты күчөтүп, Аксы эли жөө жүрүшкө чыккан. Бийликке талабын айтууга, тынчтык митингин өткөрүү үчүн район борборуна бараткан элге ок атылып, 6 эр азамат каза болгон. Бул күнү Боспиектеги шейит мазарда окуя курмандыктары эскерилди.