Жаңылыктар
Бишкек шаардык мэриясы жалбырактарды өрттөбөөгө чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык мэриясы жалбырактарды өрттөбөөгө чакырат

Бишкек шаардык мэриясы калаа тургундарына кайрылып, жалбырактарды өрттөбөөгө чакырды.

Муниципалитет жаздын келиши менен ишембиликтер башталгандыгына байланыштуу акыр-чикирди, жалбырактарды кадимки таштанды контейнерлерине таштоо керектигин эскертет. Ал жерден "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери алып кетет. 

"Жалбырактарды жана башка заттарды өрттөөгө тыюу салынат. Андан чыккан түтүндүн адам ден соолугуна зыяны чоң. "Бузуулар жөнүндө" кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен тартип бузуучуларга муниципалдык инспекция тарабынан жеке жактарга 7 500, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынып, протоколдор түзүлөт", — деп айтылат мэриянын эскертүүсүндө.