Жаңылыктар
Өлкөдө минералдык жер семиркичтер былтыркы баага салыштырмалуу арзан сатылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө минералдык жер семиркичтер былтыркы баага салыштырмалуу арзан сатылууда

Өлкөдө минералдык жер семиркичтер былтыркы баага салыштырмалуу 20-25 пайызга арзан сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

"Бүгүнкү күндө республиканы минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо иштери толук кандуу жүргүзүлүп, 40,2 миӊ тоннаны түздү", — дешти ведомстводон. 

Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Өзбекстанда өндүрүлгөн аммиак селитрасынын 1 килограммы 28-30 сом, карбамид 36-38 сом жана түндүк аймактарда аммиак селитрасы 30-32 сомдон сатылып жатканын айтты. Ал эми карбамид 38-40 сомдун тегерегинде болууда. Республика боюнча жер семирткичтерди дарегинен алса болот.