Жаңылыктар
КМШ Экономикалык кеңешинин 97-жыйыны өттү
Саясат
 КМШ Экономикалык кеңешинин 97-жыйыны өттү

Москвада министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында КМШ Экономикалык кеңешинин 97-жыйыны өттү. Катышуучулар Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Агроөнөр жай комплекси боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин 2019-2022-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын угушту. 

Агроөнөр жай чөйрөсүндөгү кызматташтыкты тереңдетүү өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна чыгууга, Шериктештик мейкиндигинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн позицияларын бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди. Жолугушуунун жүрүшүндө атомдук энергиянын коомчулукка алгылыктуулугун калыптандыруу боюнча кызматташуунун негизги багыттарынын долбоору каралды. 

Документ коомчулуктун атомдук өнөр жайга карата оң көз карашын калыптандырууга көмөктөшүүгө жана КМШга мүчө-мамлекеттердин калкынын атомдук энергетика жөнүндө маалыматтуулугун жогорулатууга багытталган. 

Мындан тышкары, КМШга мүчө-мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилдеги инновациялык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык программасына мүчө мамлекеттердин инновацияларды коммерциялаштыруу борборлорунун ишмердүүлүгү боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Сөз стартап кыймылын жана чакан инновациялык ишкерликти колдоо боюнча түзүлгөн борборлордун жигердүү иши жөнүндө болуп жатат. Экономикалык советтин кезектеги жыйыны устубуздегу жылдын 23-июнунда Москвада өткөрүлөт.