Дээрлик 50 миңге жакын адамдын өмүрүн алган Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаал жаралган шартта чыныгы бир туугандардай ийиндеш туруп, кызматташуунун келечегин талкуулоо. Президент Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттери уюмунун алкагында кызматташкан Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Венгриянын мамлекет башчыларын чогултуп, боордоштор үчүн эң маанилүү болгон ушул маселени күн тартибине койду.