Бүгүн “Ала-Арча” конушунда улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган эл аралык конференция болуп өттү. Ага Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандын окумуштуулары катышты.
Жыйында бул боюнча жыл башынан бери өтүп жаткан иш-чараларга баа берилди. Эске салсак 2015-жылдын 27-майында “1916-жылдагы кайгылуу окуялардын 100 жылдыгы тууралуу” президенттин Указы чыккан эле.
Президенттин «1916-жылдагы Үркүндүн 100-жылдыгы» тууралуу жарлыгы чыкканы, тарыхчылар «Мурас» фонду менен биргеликте, улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жүрүшүн, инсандардын салымын, Улуу Үркүндүн кайгылуу барактарын архивдик жана башка маалыматтардын негизинде жаңыча, объективдүү көз караш менен илимий иликтөө жүргүзүп башташкан. Буга орус адистери да көмөк көрсөтүүдө. Алар буга чейин белгисиз болуп келген документтерди да ачыкка чыгарууда. Ошентип, далилдүү ири материал чогулган.
17-сентябрь күнү Кыргызстан, Орусия, Армениянын президенттери жана Молдованын премьер-министри 1916-жылдагы кайгылуу окуяларды эскеришкен. Алмазбек Атамбаев, Владимир Путин, Серж Саргсян жана Павел Филип Ата-Бейиттеги Үркүн курмандыктарына арналган мемориалдык эстеликке гүлчамбар коюшкан. Путиндин мындай кадамы кыргыз-орус алакасын дагы бекемдеп, 100 жыл мурдагы окуяларды саясатка айландыргысы келген айрым активисттердин аракеттерине бөгөт койду.