Ысык-Көл облусундагы аэропорттун кулап калган тосмо дубалын подрядчы фирма калыбына келтирет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымына караганда, "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун айланасын тосуу боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке компания менен келишим түзгөн.
"2023-жылдын 18-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында жүргөн катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогу дубалы урап калган. Тосмо дубалдын кулап калышы боюнча, фирма чыгымды өз мойнуна алат жана кайра калыбына келтирет.
Калган аралыктагы дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун иретке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.
Тосмо дубалдын сапаты боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы өткөрүп алуу учурунда дыкат текшерүү жүргүзүп, талапка жооп берсе гана кабыл аларын белгилейбиз", - деди Орунбеков.