УТРКнын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында корпорацияны техникалык модернизациялоо жумуштарынын биринчи этабы башталды. Анын алкагында Баткен облусунда “Кыргыз радиосу” жана “Биринчи радио” тарта баштады. УТРКнын демилгеси менен “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу радиорелейлик магистралдар республикалык өндүрүштүк бирикмесинин адистери чек арага жакын жайгашкан беш айылга жабдыктарды орнотту. Бул жумуштар дагы улантылып, алыскы облустун калган айылдарына радио толкунду жеткирүү жумуштары жүргүзүлөт.