Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Тиллебаев Болотбек Кочкоровичтин Нооруз майрамына карата куттуктоосу:
“Улустун улуу күнү Нооруз майрамы кут болсун!
Бүтүндөй жер шары жаңыланып, күн менен түн теңелген учур. Дал ушул күндөн баштап күн узарып, жарык көбөйүп, жакшылык арбыйт делет. Байыртан бабалар, ушул күнү улуу от жагып, сүмөлөгүн кайнатып, көжө-ашын жайнатып, аруу тилектерин тилеген. “Жакшы тилек жарым ырыс” дейт. Айтылган ар бир тилектер Кудайдын кулагына жетип, журтубузга кут болуп жаап турсун.
УТРК түзүлгөн күндөн тарта жыл ажыраш, Нооруз майрамын калайык менен биргеликте майрамдап, элдин жакшылыгын эл менен бөлүшүп келет. Жакшыны айтсаң көбөйөт дегендей, журтубуздагы изги иштерди даңазалап туруу баарыбыздын милдетибиз.
Касиеттүү калайыкты, УТРКнын атынан, үй бүлөмдүн атынан Улустун улуу күнү, Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ар бир үйдө береке болуп, жакшылык конуп, кемели келип, кемтиги толуп турсун!