Жаңылыктар
Бишкекте Шопоковдун элесине арналган турнир башталды
Спорт
Бишкекте Шопоковдун элесине арналган турнир башталды

21-мартта Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир башталды.

Беттештер Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүдө.

Медаль үчүн Беларусь, Түштүк Корея, Монголия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү ат салышат.

Финалдык беттештер 24-мартта болот.