«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 23-мартында 08:00дөн 17:00гө чейин Кант-Ивановка перегонунун 3800- чакырымындагы (Советская көчөсү, Люксембург айылы) кайтарылбаган темир жол өтмөгүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу жабыларын билдирет.
Оңдоо иштери Ысык-Ата районунун жол кайгуул кызматы менен макулдашылды.
Айланма жол 3802 км (Панфилов) боюнча жүргүзүлөт.