Жаңылыктар
Илимбек Акылбек уулу дүйнө чемиону болду
Спорт
Илимбек Акылбек уулу дүйнө чемиону болду

Кыргызстандык ММА мушкери Илимбек Акылбек уулу Octagon уюмунун чемпиону болду.

22-март күнү Илимбек казак мушкери Айваз Айдинов менен эң жеңил салмак категориясынын алкагында чемпиондук титул үчүн ат салышты.

Беттештин үчүнчү бөлүгүндө Илимбек атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңди.

Акылбек уулу чемпиондук кур менен бигрге 10 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болду.