Жаңылыктар
Шиме Врсалько 31 жашында чоң спорттон кетти
Спорт
Шиме Врсалько 31 жашында чоң спорттон кетти

Хорватия курамасынын мурдагы футболчусу Шиме Врсалько 31 жашында футболчунун карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу Фабрицио Романо твиттер баракчасына жазып чыкты.

Врсалько дээрлик 5 жыл мурун Орусияда өткөн Дүйнө чемпионатында Хорватия курамасы менен финалга жеткен. Бирок ошондон кийин эле коргоочунун карьерасы төмөндөп баштады. 2018-жылы дүйнө мундиалы болор алдында эле тизесинен жабыркап, турнирде толук потенциалын көрсөтө алган эмес.

Дүйнө чемпионатынан кийин спортчу «Атлетико Мадрид» клубунан миландык «Интерге» кошулган. Бирок бир сезондон кийин эле кайра Мадрид шаарына барган. Ал эми Диего Симеоне футболчуну баштап курамда көрбөгөндүктөн «Олимпиакостун» катарына кеткен.

Грецияда коргоочу мурдагы жаракаттарынан улам кыйналып жүрдү. Жарым жылдан кийин мурдагы формасына кайтып келе албаарын билген Шиме Врсалько бутсасын мыкка илди. Греция чемпионатында футболчу 200 гана мүнөт өткөргөн.