Жаңылыктар
Грассо чемпиондук титулун Мексикада коргогусу келет
Спорт
Грассо чемпиондук титулун Мексикада коргогусу келет

UFC уюмунун чемпиону Алекса Грассо Валентина Шевченко менен болчу реванш тууралуу пикирин айтты.

Мушкерлер 5-март күнү UFC 285 мелдешинин алкагында T-Mobile Аренада жолуккан. 4-раундда Грассо Шевченкону муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

«Мен Валентина Шевченко менен кайрадан беттешүүнү каалайт элем. Мен муну Гвадалахарада болушун каалайм. Көптөр мени кокусунан жеңип кеттим деп ойлошот. Ошондуктан чемпион катары сапаттарымды көрсөтүүгө даярмын. Элестеткиле, сентябрь айында алар UFC турнирин менин кичи мекенимде же Мехикодо өткөрүшөт, бул эң сонун болмок», - деди Грассо.