Жаңылыктар
Ошко Өзбекстандан расмий делегациянын келиши күтүлүүдө
Саясат
Ошко Өзбекстандан расмий делегациянын келиши күтүлүүдө

26-октябрда Ошко Өзбекстандан расмий делегациянын келиши күтүлүүдө. Биринчи вице-премьер-министри баштаган өзбек делегациясын кабыл алууга даярдык журуп жатат.Бул туурасында , атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссиядан билдиришти. 

Оштун борбордук аянтында 500 комузчунун «Маш ботой» күүсү жаңырса, ар улуттун диаспоралары тарабынан жасалгаланган боз үйлөр тигилет.Жолугушуу эки элдин салкындап кеткен мамилесин жакшыртууга арналат. 

Эске салсак, 10-октябрда Кыргызстандык 150 делегация Озбекстандын Анжиян облусуна барып, достук мамилени бекемдөөчү иш-чарага катышып келген. Анда эки өлкөнүн биринчи вице-премьер-министрлеринин ортосунда эки тараптын достук -алака, соода-сатык мамилелерин жакшыртуу боюнча меморандумга кол коюлган.

"Бул күнү биз, ошол өзбек туугандардын суранычы менен расмий иш-чарадан кийин экинчи мекке атанган Сулайман-Тообузду, Ош шаарындагы кооз жайларыбызды, жогорку окуу жайларыбызды жана мындагы ар улуттун диаспоралары тарабынан жасалгаланган боз үйлөрүбүздү көрсөтөбүз", деди Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров.