Жаңылыктар
Акылбек Жапаров жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн аймактарынын жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча селектордук жыйын өткөрдү. Анда Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери менен акимдер жазгы талаа жумуштарына карата көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалыматтарды берди.

Учурда алыскы Баткен облусунда жазгы талаа иштери башталды. Облус боюнча 10 миң 566 гектардан ашык жер айдалып, Айыл чарба министрлиги аркылуу 1997 тонна үрөн дыйкандарга таратылды. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров жазгы талаа иштерине даярдык максималдуу экенин, бардык зарыл болгон иш-чаралар, анын ичинде айыл чарба техникалары менен камсыздоо толугу менен аткарылганын белгиледи.

Ош облусу боюнча жаздык буудай себүү 40%га, арпа 44%га, картошка 13%га, жашылча 5%га аткарылып, иш уланууда. Дыйкандар бардык керектүү нерселер менен камсыз болгон. Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин башчысы агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө чет мамлекеттердин алдыңкы тажрыйбасын колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жыйындын катышуучуларына 616 миң жер санарипке өтүп, ар бир облустук администрацияга электрондук түрдө өткөрүлүп берилгенин билдирди. Сугат иштерине 1 млрд куб метрден ашуун суу сарпталды. Сугат каналдарын тазалоого күчтү мобилизациялоо 2022-жылы дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселесин толугу менен чечүүгө жардам берди. Бул боюнча быйыл дагы иш улантылат”, - деп белгиледи Айыл чарба министри.