Жүрөк-кан тамыр, кант диабети, эндокринологиялык, ичеги-карын жана жугуштуу илдеттерге, заара бөлүп чыгаруу системасынын ооруларына каршы 15 аталыштагы дары-дармектер Кыргызстанда чыгарыла баштады. Анын тогузу учурда саламаттык сактоо министрлигинен каттоодон өткөн.
Калганын каттоо боюнча иштер жүрүүдө.Тесттик режимде иштеп жаткан фармкомпания Бишкектин четиндеги Эркин экономикалык аймакта жайгашкан.
Инвестторлор ишкананы 10 жыл мурда салышканы белгилүү болду. Бирок айрым жагдайлардан улам ал ишке кирбей келген. 4 күн мурда ачылышы болуп, ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү барып катышты. Учурда ишкана тесттик режимде иштеп жатат. 2 жумадан кийин толук ишке берилет.