Быйыл жыл башында Президент Садыр Жапаров жумушчу кеңешме өткөрүп, анда “Кумтөр” ишканасынын былтыркы жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн отчету жана жакынкы келечекке пландары каралган. Компаниянын жетекчиси бир топ мерчемдерин айткан болчу. Алардын бири дөңгөлөктү кайра иштетүүчү заводду куруу. Ал жакында ишке кирери “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын президентинин биздин каналга берген интервьюсунда белгилүү болду. Анда “Кумтөрдүн” кен казуучу унааларынын дөңгөлөктөрү гана эмес, өлкөдөгү жеңил жана жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрү дагы кайра иштетиле баштайт.
“Кумтөр Голд Компани” алтын кенинде цианидди алмаштыруучу зат тесттик режимде текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Алмаз Барыктабасов интервьюсунда билдирди. Учурда технологдор отчетун даярдап жатышыптыр. Ошондой эле, мында унаалардын дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүчү завод да жакында ишке кириши күтүлүүдө.
Ишкана заманбап технологияларды колдонуу менен кендеги калдыктарды кайра иштетүү жаатында да изилдөөлөрдү тынбай жүргүзүүдө. Бул иш 2026-жылдан тарта башталып, анда аталган жайдагы калдыктар жарым кургак зыянсыз аралашмага иштелип чыгары белгиленген. Ишке ашса, жылына 5 тоннадай алтын алынат. Долбоор 2040-жылга чейин болуп, андан алынган баалуу металлдын жалпы баасы 3,5 млрд доллар деп болжолдонгон. Учурда калдык сактоочу жайдын дамбасын бийиктетип, бекемдоо иштерин жүргүзүү аракеттери көрүлүп жатыптыр.
Дегеле өткөн жылы Кумтор ишканасы 17 тоннадан ашык алтын өндүргөн. Ал эми салык жана милдеттүү төлөмдөр жаатында 30,1 млрд сом белгиленсе, компания 32,1 млрд сом которгон. Муну менен төлөмдөрдү которуу 6,6 пайызга жогору болгон. Ал эми жалпы кирешенин көлөмү 1 млрд долларга чукулдаган. Кумтөр кени Мамлекетке өткөнгө чейин ала турган болсок, мисалы 2020-жылы салык жана милдеттүү төлөмдөр катары болгону 14 жарым млрд сом которулган. 2019-жылы деле мындай которуулар 15 миллиард сомго жеткен эмес.