Жаңылыктар
Бокс боюнча эл аралык турнирге $ 40 000 бөлүндү
Спорт
Бокс боюнча эл аралык турнирге  $ 40 000 бөлүндү

Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өтүүдө.

Турнир 21-мартта Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Өзбекстан жана Түштүк Кореянын спортчуларынын катышуусунда башталган.

Финалдык беттештер 25-мартта болот.

Турнирдин байге фонду 40 миң долларды түзөт.

1-орун — $1400

2-орун — $700

3-орун — $500

Байге фондун Эл аралык бокс федерациясынын (IBA) президенти Умар Кремлев бөлүп берди.