Кыргызстандын Ички дүң продукциясы 1 триллион сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калды. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин жыйынында айтты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, экономикалык туруксуздуктун жана белгисиздиктин шартында айрым эл аралык институттар буга чейин Кыргызстандын ички дүң продуктусунун төмөндөшүн болжолдоп келишкен.
“Бул божомолдорго карабастан, улуттук экономиканын өсүү темпи бүткүл отчеттук мезгилде оң динамикасын көрсөттү. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы алдын ала статистикалык маалыматтар боюнча 919,4 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 107,0%ды түздү. Муну менен биз 1 триллион сомдук чекке ишенимдүү түрдө жакындап калдык”, — деди Акылбек Жапаров.
Минкаб башчысы кошумчалагандай, быйыл Эл аралык валюта фонду Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүү болжолун кайра карап чыккан анда 2023-жылы 3,2%дан 3,5%га жана 2024-жылы 3,8%га чейин болот.
Ошондой эле Дүйнөлүк банк ата мекендик экономикага карата болжолун жакшыртты. 2023-жылга өсүү мурдагы 3,4%дын ордуна 3,5% деңгээлинде болжолдонууда, 2024-жылга өсүү 4% деңгээлинде болжолдонууда.