Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок—2 айылында ачык аянтта чыккан өрт саат 18:04тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Жеринде өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 күжүрмөн эсеп жана 28 куткаруучу, Токой чарбасынан 16 кызматкер, Кыргыз темир жолу ишканасынан 20 кызматкер, Тоң РИИБден 16 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылып иш алып барууда.
Маалым болгондой бүгүн аталган аймактагы ачык аянтта ири өрт чыгып, анын аянты болжол менен 50гектарды түзгөн.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат жеринен берилет.