Жалал-Абад шаарында муниципалдык жерлерди өз билемдик менен ээлеп, ар кандай курулуштарды салып алгандар көп. Калаа аймагында айрым мекемелер жөө жүргүнчүлөр баса турган жерге чейин курулуш жургузгон.
Мындан көрүнүш турак жайлар отурукташкан көчөлөрдө дагы арбын. Шаар тургундары тротуарды ээлеп алгандар ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып, калаа бийлиги тийиштүү деңгээлде иш жүргүзүшү керек дешет.