Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу Грузияда өткөн дзюдо боюнча Чоң шлем турниринде алтын медаль тагынды.
Tbilisi Grand Slam-2023 турнири 24-мартта старт алган.
Айбек уулу 66 кг салмак категориясында алтын үчүн ат салышкан. Бул чен бирликте жалпы 41 спортчу катышты.
Кыргызстандык дзюдочу 1/16 финалдан баштап, Куба, Бразилия жана Грузия мамлекетинин спортчуларын утушу менен жарым финалга жолдомо алган.
Финалга болгон жолдомо үчүн Айбек уулу дагы бир грузиялык атаандашты жеңген. Ал эми финалда Монголиянын спортчусунан күчтүүлүк кылган.
Ушул эле салмакта Кубанычбек Нургазы уулу дагы күрөшкөн, бирок биринчи беттеште эле тизе бүккөн.