Жаңылыктар
Кыргызстан курамасы Мьянма менен жолугат
Спорт
Кыргызстан курамасы Мьянма менен жолугат

Футбол боюнча Кыргызстан курамасы бүгүн 25-мартта Мьянма курама командасы менен беттешет.

Беттеш Индияда “Үч улуттун кубогу” эл аралык турниринин алкагында өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 18:30да башталат.

Турнирге жалпысынан 3 команда (Индия, Кыргызстан жана Мьянма) катышууда, алар бир-бири менен ойноп чыгышат.

Индия биринчи турда Мьянманы 1:0 эсебинде утуп алды.