Жаңылыктар
“Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканасы 2 айда 13 миллион 600 миң сом киреше тапты
Кыргызстан жаңылыктары
“Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканасы 2 айда 13 миллион 600 миң сом киреше тапты

“Чоң-Алай көмүр” мамлекеттик ишканасынан түшкөн киреше менен 3 жыл аралыгында аймак дотациядан чыгарылат. 

Бул тууралуу Чоң-Алай районунун акими Темирболот Абыкеев билдирди. Айтымында, мамлекеттик деп түзүлгөн ишкана 2 айда 13 миллион 600 миң сом киреше тапты. Аталган кенге мурда “Луненг” жеке компаниясы ээлик кылып, 10 жыл аралыгында мыйзам бузуу жолу менен көмүр казып келгени аныкталган. Тактап айтканда, компания өзүнө таандык тилкеден тышкары чыгып, мамлекетке тиешелүү көмүрдү казып кеткен. Мындан улам териштирүү иштери жүрүп, жеке ишкананын лицензиясы жокко чыгарылган. Аны менен кошо көмүр кени мамлекетке өткөрүлүп берилген. 

Учурда 100гө жакын жумуш орундары түзүлүп, районго киреше алып келүүдө. Бир топ иштер жасалганы белгиленди.