Жаңылыктар
Бишкектеги №99 кесиптик лицейдин базасында президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги №99 кесиптик лицейдин базасында президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалууда

Бишкектеги №99 кесиптик лицейдин базасында президенттин алдындагы IT академиясын ачуу пландалууда. 

Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Бишкекте өткөн Борбор Азия IT форумунда билдирген. Министр дүйнө учурда өтө тездик менен өнүгүп жатканын айтып, санарип технологиялардын жана жасалма интеллекттин доору келгенин белгиледи. “Кыргызстандын океанга чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, бирок санариптик технологиялар бизге жаңы жана чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Кыргыздар алгачкы көчмөндөр сыяктуу эле тез ыңгайлашып, санариптик көчмөндөргө айландык. Биз бала бакчадан баштап бул тармакта билим алууга мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Мектептерде актуалдуу тилдерде моделдөө жана программалоо сабактары болушу керек”, - деди министр. Ошондой эле билим берүү министри кошумча робототехника жана автоматташтыруу боюнча Улуттук олимпиада жыл сайын өткөрүлүп турушу керектигин кошумчалады.