Жаңылыктар
Аскар Бешимов Индиянын президенти Драупади Мурмуга ишеним грамотасын тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
 Аскар Бешимов Индиянын президенти Драупади Мурмуга ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов Индиянын президенти Драупади Мурмуга ишеним грамотасын тапшырды. 

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө салттуу кыргыз-индия стратегиялык өнөктөштүктүн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Индиянын президенти Драупади Мурму элчи Аскар Бешимовду куттуктап, Индия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого ийгилик жана жемиштүү иш каалады. Индия президенти билим берүү тармагындагы кызматташуунун жогорку деңгээлин өзгөчө белгилеп, Кыргызстандын ЖОЖдорунда 15 миңден ашуун индиялык студенттер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүнө ыраазычылыгын билдирди. Драупади Мурму Садыр Жапаровго саламын жана жакшы каалоолорун айтып, анын быйылкы Индияга сапарын чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи. Элчи Индиянын ШКУга жана Чоң жыйырмалыкка төрагалыгын эске алуу менен азыркы дүйнөлүк саясий процесстерде Индиянын ордун белгиледи.