Жаңылыктар
КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев австриялык дипломат Мартин Сайдикти кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев австриялык дипломат Мартин Сайдикти кабыл алды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев белгилүү австриялык дипломат, Кыргыз-Австрия достук коомунун жетекчиси, Австриянын Европа жана коопсуздук саясаты институтунун кеңешинин мүчөсү Мартин Сайдикти кабыл алды. 

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 25-мартта өттү. 

Анын жүрүшүндө министр Кулубаев өткөн жылы Кыргызстан менен Австриянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы болгондугун белгилеп, Сайдиктин эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу мындан ары да чыңдоонун жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Өз кезегинде Мартин Сайдик Жээнбек Кулубаевге Австриянын Европа жана коопсуздук саясаты институтунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.