Жаңылыктар
Өзгөндө жер көчкү турак үйдү басып калды
Өзгөчө кырдаал
Өзгөндө жер көчкү турак үйдү басып калды

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчкү активдешип, бир турак үйдү басып калды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кечээ эртең мененки саат 07:00гө карата жер көчкү акырындык менен жылып, айылдын четиндеги турак үйдү, очоккананы басып, мал сарайга 10 метр аралык калган. 22-мартта таңга маал жер көчкү түшүп, Кызыл-Күңгөй тилкесиндеги 18 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлгөн. 

Мындан улам көчүрүлгөн калктын убактылуу баш калкалоосу үчүн ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган. 

Азыркы учурда толугу менен шарт түзүү максатында электр жабдууларын орнотуу иши аяктап, таза суу менен камсыздалды. Ага катар эле “Улуттук Кызыл-Ай ” коому тарабынан 2 даана чатыр онотулуп, анда штаб жана медпункт жайгашкан. 

Азыркы учурда убактылуу жашап жаткан 81 жаранга төшөнчү, гигиеналык каражаттар жана тиричилик буюмдары берилди.

Эске салсак, 22-мартта Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн м3 жер көчкү түшкөн.