Жаңылыктар
Акылбек Жапаров энергетикалык объектилердин абалы менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров энергетикалык объектилердин абалы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун энергетикалык объектилери менен таанышты. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Токтогул ГЭСинин № 2 агрегатын реконструкциялоонун жүрүшү жана “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоонун инфраструктурасын көрдү. 

Анда Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСине баруучу жолдун жана тоннелдин курулушунун жүрүшүн, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жер үстүндөгү агынды суу өткөргүчүнүн курулушу менен таанышты. 

Иш сапардын жыйынтыгында Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун жана инфраструктурасын даярдоо процессин тездетүүнү, ошондой эле республикадагы иштеп жаткан энергетика объектилерин алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону тапшырды.