Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда РЭСтин абоненттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облусунда РЭСтин абоненттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы аныкталды

КР УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Аксы районунун РЭСинин системалуу түрдө, пара опузалоо фактысы аныкталды. 

Ыкчам-тергөө амалдарынын жыйынтыгында Аксы районунун РЭСинин кассир-текшерүүчүсү 1997 жылы туулган Т.А.А. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аксы районун тургуну А.Э.А.нын электр-эсептегичти алмаштырбагандыгы үчүн административдик жоопко тартуу менен коркутуп, мыйзамсыз пара катары сыйлык алуу фактысы аныкталды.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 251-беренеси боюнча (Кызматчынын сый акыны мыйзамсыз алуусу) Кылмыштардын бирдиктуу реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталып, анын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, 2023- жылдын 25-мартында Т.А.А. 18 мин сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат. 

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматы болсо (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефону аркылуу Башкы башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө кайрылууну өтүнөт.