Жаңылыктар
Ала-Бука - Чаткал унаа жолу оңдолот
Аймак
Ала-Бука - Чаткал унаа жолу оңдолот

Ала-Бука - Чаткал унаа жолу быйыл оңдолот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, транспорт министри Тилек Текебаев Жалал-Абад жана Ош облусуна иш сапары менен барып, анын алкагында аталган унаа жолдун абалы менен таанышып, автожолду асфальттоо иш жакынкы арада башталарын билдирди.

Мындан тышкары, министр Таш-Көмүр - Ак-Суу - Жаңы-Талап унаа жолунун абалы менен таанышты. Абалды жеринен көргөн министр алдыда аткарыла турган иштер туурасында кеп козгоп, жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.