Жаңылыктар
Дайырбек Орунбеков: Биринчи айым акча таратууда деген маалымат чындыкка дал келбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Дайырбек Орунбеков: Биринчи айым акча таратууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда биринчи айым Айгүл Жапарова акча таратып жатат деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, маал-маалы менен биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жасалма баракчаларды ачып, чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандар бар. “Бул баракча Айгүл Жапаровага таандык эмес. Ошондуктан мындагы маалыматка ишенип, алданып калбоого чакырабыз”, – деди Орунбеков.